• 89.41
  • 96.91
  • 0.97

Бишкекте дайынсыз жоголгон 16 жаштагы Айназик изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 05.12.23. /Кабар/. Бишкекте дайынсыз жоголгон 16 жаштагы Айназик Берекулова изделүүдө. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-ноябрда С.К. аттуу жаран милицияга кайрылып, 2007-жылы туулган небересин издөөдө көмөк көрсөтүүнү суранган. Өспүрүм кыз 21-ноябрда Фрунзе көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткенден кийин кайра кайтып келген эмес. Учурда анын кайда экендиги белгисиз.

Аталган факт ИИБдин маалыматтардын бирдиктүү журналына катталды.

Белгилери: бою 160-165 см, арык дене түзүлүштө, чачы узун, кара түстө. Үстүндө мезгилге жараша кийими болгон.

Милиция дайынсыз болуп жаткан Берекулова Айназик Токтогуловна тууралуу кандайдыр бир маалыматы барларды төмөнкү телефон номерлер аркылуу кабарлап коюуну суранат: 0 (508) 43-43-91, 0 (502) 29-02-22 же 102 ыкчам кызматы.

Пикир

Оставить комментарий