Бишкек, 30.10.20. /Кабар/. Бишкекте милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон 23 жаштагы Ратбек Валиевди таап, энесине өткөрүп беришти.
Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, милицияга 25-октябрда В.Э. аттуу жаран өзүнүн 23 жаштагы 2-топтогу майып баласы Ратбек Валиевди таап берүүнү суранып, арыз менен кайрылган. Ратбек Валиев 24-октябрда саат 20:00дөр чамасында И.Ахунбаев көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон кайтып келген эмес.
Издөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери 23 жаштагы жигитти 20-октябрда саат 18:00дөр чамасында мал базардын аймагынан табышкан.
Пикир
Оставить комментарий