• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте дайынсыз жоголгон Абдиламит Эркинбай уулу изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 10.11.22. /Кабар/. Бишкекте дайынсыз жоголгон Абдиламит Эркинбай уулу изделүүдө.

Свердлов райондук милициясынан билдиришкендей, Б.К. аттуу тургун арыз менен кайрылып, анын 17 жаштагы Абдиламит Эркинбай уулу аттуу тууганы 5-ноябрда саат 17:30дар чамасында Бакай-Ата конушунун Алманбет көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон кайра кайтып келбегенин билдирген.

Белгилери: бою 165-170 см, орто дене түзүлүштө, чачы кара, көзү күрөң, тиштеринде брекет бар.

Кийими: ак көйнөк, көк шым, чыптама, куртка жана кара түстөгү бут кийим.

Абдиламит Эркинбай уулунун жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар жарандар 0 702 49-88-88, 0 557 11-94-10, 0 709 33-24-63, 0 500 60-70-67, 0 701 28-28-19 номерлерине же “102” кызматына кайрыла алат.

Пикир

Оставить комментарий