• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкектеги №35 мектепте жаңы спорт залы ачылды

Коом 0

Бишкек, 06.09.22. /Кабар/. Бишкектеги №35 жалпы билим берүү мектепте министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жана калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда спорт залдын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Имараттын жалпы аянты 933 чачы метрди түзүп, спорт зал эки блоктон - спорт зал менен жанаша жайгашкан жай жана азыркы турган мектеп менен залды бириктирүүчү жалпы тамбурдан турат.

Спорттук зал өзүнө галерея, жуунучу бөлмөлөрүн, дааратканы камтыйт, ошондой эле 2 ийрим классы жана чечинүүчү жай да бар.

Мындан тышкары, мектепте көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү. Воркаут аянтчасы орнотулуп, чуркоо жолчосу курулду.

Мектеп 1957-жылы эксплуатацияга берилген. Мектепте спорттук залдын жоктугуна байланыштуу курулуш иштери жүргүзүлдү. Курулуш иштери үчүн «Капитал Курулуш» ЖЧК подряддык уюму менен келишим түзүлгөн.

Белгилей кетсек, спорт залы КР президентинин жарлыгы менен республикалык бюджеттин эсебинен курулду.

Пикир

Оставить комментарий