• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Бишкекжашылчарба" ишканасы сугат иштерин баштады

Коом 0

Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. "Бишкекжашылчарба" ишканасынын кызматкерлери сугат иштерин баштады.

Маалыматка ылайык, сугат иштери шаардын Каралаев, Абдрахманов, Эркиндик жана Жаш Гвардия бульварларында, Театральный гүл багында жана ошондой эле Ата-Түрк, Жеңиш, Жаштар сейил бактарында жүргүзүлдү.

Ошондой эле арык сугатынан тышкары “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери атайын унаа аркылуу сугатты 7- Апрель, Ибраимов, Байтик-Баатыр, Ахунбаев көчөлөрүндө жана “Көк Жар” конушунда колдонуп жатышат.

Эскерте кетсек, жаздын келиши менен шаардык гүлзарларды отоо иштери дагы кайрадан өткөрүлүп жатат. Азыркы учурда Жеңиш аянтындагы, Жаш Гвардия бульварындагы жана Байтик Баатыр көчөсүндөгү гүлзарлар отолуп тазаланып жатат.

"Быйыл сугат иштери жер астында нымдуулукту көпкө чейин сактоо максатында эрте башталды. Бул кийнки жайкы ысыкта бак-дарактардын абалына жакшы таасир этет", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий