Бишкек, 30.01.23. /Кабар/. Бишкекте дайынсыз жоголгон Нурлан Жолдош уулу изделүүдө.
Ленин райондук милициясынан билдиришкендей, 23-декабрда А.Г. аттуу аял 26 жаштагы баласы Ак-Ордо конушундагы үйүнөн чыккан бойдон кайра кайтып келбегенин милицияга билдирип, арыз менен кайрылган.
Белгилери: бою 170-175 см, кой көз, орто дене түзүлүштө, психикалык жактан жабыркайт.
Кийими: көк түстөгү чыптама, кара түстөгү спорттук шым.
“Нурлан Жолдош уулунун жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматыңар болсо 0(312) 352-605, 0(553) 102-465, 0(703) 401-600, 0(705)450-553, 0(553)102-880 номерине жана “102” кызматына кайрылуу керек”, - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий