1-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 26.11.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 27-ноябрдан 1-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

27-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

28-ноябрда түнкүсүн Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

29-ноябрда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

30-ноябрда жана 1-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-ноябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

27-ноябрда жана 28-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

28-ноябрда күндүз жана 29-ноябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

29-ноябрда күндүз, 30-ноябрда жана 1-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-ноябрда 14 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

27-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

28-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, Ош, Жалал-Абад облустастарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

29-ноябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

29-ноябрда күндүз жана 30-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

1-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-ноябрда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

27-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

28-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

28-ноябрда эртең менен, күндүз жана 29-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

30-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

30-ноябрда күндүз жана 1-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

27-ноябрда жана 28-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

28-ноябрда күндүз жана 29-ноябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

29-ноябрда күндүз Каракол шаарында бир аз кар жаашы күтүлөт, Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.

30-ноябрда жана 1-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-29-ноябрларда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

27-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

28-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

28-ноябрда эртең менен, күндүз жана 29-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт

29-ноябрда күндүз, 30-ноябрда жана 1-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-29-ноябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий