• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

COVID-19. Кыргызстанга Германиядан эксперт-дарыгерлердин тобу келди

COVID - 19 0

Бишкек, 26.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 26-ноябрь күнү Германиядан Бишкекке эксперт-дарыгерлердин тобу келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Алар Кыргызстанга өлкө лабораторияларында COVID-19ду диагностика кылууга жардам берүү үчүн келген. Германиялык дарыгерлер Кыргызстанда 30-ноябрга чейин болушат.

“Германиялык эксперт-дарыгерлердин катарында Шарите (Берлин) клиникасынын Медициналык университетинин, Е.И.Марциновский атындагы медициналык паразитология, тропикалык оорулар институтунун, Эл аралык кызматташуу боюнча Герман коомунун өкүлдөрү бар”, - деп билдирет министрлик.

Бүгүн Германиядан келген дарыгерлер саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен жолугушуп, КР Саламаттык сактоо министрлигине 150 миң ПЧР-тест өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий