• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Азербайжандагы кинофестивалда кыргызстандык режиссёрлор ат салышууда

Маданият 0

Бишкек, 15.11.18. /Кабар/. Азербайжандагы “Старт” кыскаметраждуу тасмалардын тогузунчу эл аралык кинофестивалында кыргызстандык эки жаш режиссер ат салышууда. Бул тууралуу Кыргызстандын кинематографты өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Аталган фестивалга катышуу үчүн 45 мамлекеттен 490 тасма жиберилген. Тандоо комиссиясы фестивалдын негизги программасына 30 мамлекеттин 100 тасмасын тандап алган. Анын ичинен 72 тасма эл аралык, калган 28 тасма улуттук сынакта ат салышат.

Эл аралык сынакта кыргызстандык жаш режиссер Аскар Нуракун уулунун “Кино сүйүүчү” (“Киноман”) тасмасы, кыска документалдык фильмдер арасында Сүйүнбек Гүлжигит уулунун “Чокуда” (На вершине) аттуу тасмасы катышууда.

Белгилей кетсек, Эл аралык сынактагы фильмдерди баалаган калыстардын катарында Кыргызстандан Гүлбара Төлөмүшова бар.

Кинофестиваль 14-ноябрда башталган жана эртең 17-ноябрда аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий