Бишкекте дээрлик 3 миң батирлүү ипотекалык турак жай комплекси курула баштады

Коом 0


Бишкек, 05.07.24./Кабар/. Бишкекте дээрлик 3 миң батирлүү ипотекалык турак жай комплекси курула башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, жаңы турак жай комплекси Бишкек шаарындагы Волкова жана Кустанай көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Анын курулушуна бүгүн, 5-июлда президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев мезгил кутучасын салды.

Көп кабаттуу ипотекалык үйлөр курула турган жердин жалпы аянты 12,80 гектарды түзөт. Көп функционалдуу турак жай комлексинде 9 кабаттан турган 51 блок үйдө 2990 батир болот.

Ошондой эле комлексте мектеп, бала бакча, спорт жана балдар аянтчалары, соода дүкөндөрү, унаа токтоочу жана коомдук тамактануучу жайлар каралган. Үйлөр курулуп бүткөндө “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасынын шарттарына ылайык ипотекага 15, 25 жылдык мөөнөткө берилмекчи.

Эске сала кетсек, өткөн жумада Нарын облусунун Кочкор айылында жана Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында да ипотекалык үйлөрдүн мезгил кутучасы салынган.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 12 миңден ашык батирлүү көп кабаттуу турак үйлөр курулууда. “Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагында ар бир аймакта 16 миңден ашуун батирдин курулушу пландалып жатат.

Пикир

Оставить комментарий