Балдарды коргоонун эл аралык күнү — Бишкекте өтчү иш-чаралардын программасы

Коом 0

Бишкек, 01.06.23. /Кабар/. Бишкек мэриясы Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата майрамдык программа даярдады. Майрамдык салтанаттар "Ала-Тоо" борбордук аянтында жана шаардын ар бир районунда өткөрүлөт.

Бүгүн саат 10:00дөн 21:30га чейин Ала-Тоо аянтында Биринчи балалык фестивалы өтөт. Коноктор үчүн фуд корттор, оюнчук жарманкелери жана оюн-зооктор уюштурулат.

Балдарды жана алардын ата-энелерин этно оюндар, шашки, шахмат жана улуттук оюндар боюнча турнирлер, көркөм сүрөт искусствосу боюнча мастер-класстар, цирк, бет сүрөт, бий сынактары, ыр сынагы жана жаш сүрөтчүлөрдүн сынагы күтүүдө.

Ал эми саат 17.30да аянтта концерт башталат. Конокторго "Наристе" фестивалынын катышуучулары жана кыргыз эстрада жылдыздары концерт беришет.

Саат 20:00дө балдардын интернет-контентинин сегментинде феноменге айланган D Billions музыкалык тобунун чыгышы белгиленген.

Майрамды Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен биринчи айымдын "Эне-балага тирек" коомдук фонду уюштурууда.

Бишкектин райондорунда да майрамдык иш-чаралар уюштурулат. Кененирээк маалымат менен шилтеме аркылуу тааныша аласыздар.

Пикир

Оставить комментарий