• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте дем алыш күндөрү 100дөй адамдын катышуусунда веложүрүш өттү

Коом 0

Бишкек, 17.04.23. /Кабар/. Бишкекте дем алыш күндөрү 100дөй адамдын катышуусунда веложүрүш өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Веложүрүш Алма-Ата көчөсү менен Түштүк магистралдын кесилишинен башталып, “Ынтымак - 2” сейил багына чейин уланды. Ошондой эле сейил бакта кичинекей балдар үчүн жарыш болду.

Иш-чаранын расмий бөлүгү “Ынтымак - 2” сейил багында өтүп, анда балдар үчүн чоң куурчактар, белектер жана ланч бокстор менен шоу-программа тартууланды. Соңунда эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа уюштурулду.

Белгилей кетсек, Бүткүл дүйнөлүк гемофилия күнү жыл сайын 17-апрелде "Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо" уюмунун жана "Бүткүл дүйнөлүк гемофилия" федерациясынын демилгеси менен белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий