• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанга Россиядан кезектеги азык-түлүк жардамы келди

Коом 0

Бишкек, 12.12.23. /Кабар/. Бишкекке Россиядан кезектеги азык-түлүк жардамы келди. Бул тууралуу

Бул салым өлкө боюнча жамааттарга коомдук инфратүзүмдү калыбына келтирүү, климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин азайтуу жана мектептерде ысык тамак берүү боюнча долбоорлору аркылуу жардам берет.

52,22 тонна азык-түлүк (52.22 тонна өсүмдүк майы) Ош шаарындагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын кампасына жеткирилет. Азык-түлүк болжолу менен 14 990 кишиге азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу үчүн өлкөнүн түштүк аймактарында БУУ ДАТП тарабынан колдоого алынган долбоорлор аркылуу берилет. Долбоорлор ирригациялык тармактарды жана таза суу тутумдарын калыбына келтирүүнү; табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу үчүн бак отургузууну жана дарыянын жээгин бекемдөөнү; айылдык көпүрөлөрдү жана дренаждык тутумдарды курууну; жашоо каражаттарын жана айыл чарбасын жүргүзүүнүн алдыңкы ыкмаларын өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү чыңдоо боюнча окутууларды камтыйт.

Максаттуу аялуу үй-бүлөлөр 300 кг байытылган буудай ун жана 30 литр өсүмдүк майын жергиликтүү инфратүзүмдү калыбына келтирүүгө жана климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу кырсыктардын тобокелдигине калктын туруктуулугун жогорулатууга багытталган коомдук долбоорлорго катышкандыгы үчүн алышат. Ал эми жумушка орношуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган окутуулардын катышучулары 150 кг буудай унун жана 15 литр өсүмдүк майын алышат. Бул долбоорлор элет жериндеги жамааттардын инфратүзүмдөрүн өркүндөтүп, табигый кырсыктарга жана климаттык тобокелдиктерге дуушар болгон аймактардагы кырсыктардын кесепеттерин азайтуу мүмкүнчүлүгүн бекемдеп, ошондой эле алардын жумушка орношуу жана жеке ишкердүүлүк мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.

Россия БУУ ДАТПнын Кыргызстандагы эң ири донору болуп саналат. Акыркы 10 жылдын ичинде РФ өкмөтү БУУ ДАТП аркылуу Кыргызстандын жарандарына өнүгүү жана социалдык коргоо жаатында ар кандай деңгээлде колдоо көрсөтүп келет. БУУ ДАТП жана РФ Кыргызстанда калктын аялуу катмарын колдоо боюнча биргелешкен күч-аракеттерин улантышат.

Пикир

Оставить комментарий