• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Бишкекте "Ден соолук" спартакиадасы өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. Бишкек шаарында 18-февраль күнү И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында "Ден соолук" спартакиадасынын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Агенттиктен белгилешкендей, спартакиада жогорку жана кесиптик орто окуу жайлардын кызматкерлеринин арасында "Тамекисиз спорт" урааны алдында өткөрүлүүдө. Жарышка Бишкектин 17 жогорку жана кесиптик орто окуу жайынын кызматкерлери катышууда.

Спартакиада 5-мартка чейин уланат.

Спартакиаданын алкагында кичи футбол, стритбол, тогуз коргоол, стол үстүндөгү теннис, волейбол, нормативдер, шахмат, ордо (18-майдан 22-майга чейин) боюнча жарыш өтөт.

Бул жарышта алдыңкы орунду алган командалар быйыл июнь айында Ысык-Көлдө өтө турган Республикалык "Ден соолук" спартакиадасына катышат.

Спартакиада Жаштар иштери боюнча агенттиктин алдындагы Мектеп жана студенттик спортту өнүктүрүү боюнча дирекциясы тарабынан өткөрүлүүдө. Иш-чараны өткөрүү үчүн аталган дирекциянын бюджетинен 163 миң сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий