• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Бишкекте “Ден соолук” спартакиадасы өттү

Спорт 0

Бишкек, 31.05.24. /Кабар/. Бишкек шаарында мугалимдер арасында "Ден соолук" спартакиадасы болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.

Муниципалитеттен белгилешкендей, спорттук иш-чара 3-майдан 29-майга чейин өтүп, Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти тарабынан уюштурулду.

Волейбол, шахмат, тогуз коргоол, стол тенниси жана футбол боюнча мелдештерге борбор калаанын төрт районунун мугалимдери активдүү катышты.

Ленин районунун мугалимдери футбол боюнча 3-орун, шахмат боюнча 3-орун, стритбол боюнча 2-орун, волейбол боюнча аялдар жана эркектер арасында 1-орунга ээ болушту.

Биринчи май районунун мугалимдери шахмат боюнча кыз-келиндер арасында 1-орун, ордо боюнча 1-орун, стритбол боюнча 1-орун, аялдар арасында стол тенниси боюнча 2-орун, волейбол боюнча эркектер арасында 3-орунга ээ болушту.

Октябрь районунун мугалимдери тогуз коргоол боюнча эркектер арасында 1-орун, футбол боюнча 2-орун, шахмат боюнча эркектер арасында 1-орун, шахмат боюнча аялдар арасында 2-орун, стритбол боюнча 4-орун, волейбол боюнча аялдар 2-орунга ээ болушту.

Свердлов районунун мугалимдери эркектер арасында футбол боюнча 1-орунду, эркектер арасында волейбол боюнча 2-орунду жана аялдар арасында 3-орунду, эркектер арасында шахмат боюнча 2-орунду жана аялдар арасында 3-орунду, эркектер жана аялдар арасында тогуз-коргоол боюнча 3-орунду, эркектер жана аялдар арасында стол тенниси боюнча 1-орунду, эркектер арасында ордо боюнча 3-орунду жана эркектер жана аялдар арасында стритбол боюнча 3-орунду ээлешти.

Жеңүүчүлөргө жана байгелүү орунду ээлегендерге кубок, диплом жана медалдар тапшырылды.

Бишкек шаарынын мэриясы мугалимдердин арасында дене тарбия жана спорттук иш-чараларды колдоо, аларды сергек жана активдүү жашоо образына үндөө улантууда.

Пикир

Оставить комментарий