• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкекте диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.09.24. /Кабар/. Диний-экстремисттик агымдарга каршы күрөшүү боюнча профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК диний-экстремисттик агымдардын идеологиясын жайылтууга каршы аракеттенүүнүн алкагында Бишкек шаарынын аймагында иш алып барган “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынын 7 активдүү мүчөсүнө түшүндүрүү-профилактикалык иш-чараларын жүргүздү.

Иш-чаранын жүрүшүндө аталган жактар «Йакын Инкар» ДЭУнун идеологиясынын зыяндуулугун жана туура эместигин толук моюнга алып, өз ыктыяры менен аталган диний-экстремисттик агымга мүчөлүктөн, идеологиясынан баш тартышты.

Мындан тышкары, кайталанбоосу үчүн аларга КР УКМКнын атынан расмий эскертүү берилди.

УКМК эскертет: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында диний-экстремисттик уюмдардын жана агымдардын идеологиясын жайылткандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Пикир

Оставить комментарий