• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

ИИМ: Нурлан Мотуевди сабоого шектелген адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.09.22. /Кабар/. Нурлан Мотуевди сабаган жаран кармалып, уруш өз ара келишпестиктен чыккандыгы такталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Нурлан Мотуев 18-сентябрда арыз менен кайрылып, Бишкек шаарында болжол менен саат 12:40 чамасында белгисиз 3 адам ага карата күч колдонуп, уруп сабап, кара түстөгү барсеткасын тартып алганын, аанын ичинде уюлдук телефону, 32 миң сом акчасы, паспорту жана пенсиялык күбөлүгү болгонун билдирген.

Андан кийин кылмыш болгон жерден шектүүлөр изин жашырып качып кеттишкенин дагы маалымдаган.

Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси ("Каракчылык") боюнча кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмышка шектүү катары мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган Жалал-Абад облусунда 1987-жылы туулган Б.И. аттуу жаран кармалган.

Ал унаа уурдагандыгы үчүн жана каракчылык кылгандыгы үчүн жоопко тартылган жана анын Нурлан Мотуев менен 2016-жылы абактан таанышкандыгы белгилүү болду.

Алгачкы ыкчам тергөө процессинин жүрүшүндө кармалган Б.И. менен Н.Мотуевдин ортосунда келишпестик пайда болуп, андан өч алуу максатында эки тааныш баласы менен келип, Москва жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинен Н. Мотуев келе жатканда сабап, барсеткасын алып кеткендигин билдирди.

Учурда шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, анын эки шеригин аныктоо жана кармоо аракеттери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий