• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сузакта тоноо жана эркиндигинен мыйзамсыз ажыратууга шектүүлөр кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.08.23. /Кабар/. Сузакта адамды тоноого жана эркиндигинен мыйзамсыз ажыратууга шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-августта Алай районунун тургуну К. уулу Т. арыз менен кайрылып, 8-августка караган түнү Сузакта аны "Өткүр", "Алмаз", "Байэл", "Арзыбек" аттуу балдар уруп, күч колдонуп автоунаага салышып, 3500 сом акчасын тартып алышкан. Андан соң 13-август саат 11:00гө чейин бейтааныш үйдө мыйзамсыз коркутуп, акча талап кылып, кармап ур-токмокко алышканын билдирген.

Аталган маалымат ошол эле күнү Сузак РИИБдин электрондук журналына катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин "Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу" жана "Тоноо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ошентип, милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмыштын бети ачылып, кылмышка тиешеси бар Сузак районунун тургуну, мурун соттолгон 2002-жылы туулган С.Б., ошол эле райондун тургуну 1999-жылы туулган М.уулу А. жана 2000-жылы туулган А.А. кармалды.

Азыркы учурда жогорудагы кармалган атуулдардын үстүнөн мурда болгон бети ачыла элек кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий