Бишкекте диний экстремизмдин алдын алууга багытталган иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 03.07.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарындагы "Smart Hotel" мейманканасында жарандардын диний радикалдашуусун, экстремисттик жана террористтик уюмдарга азгырылуусун алдын алууда, алардын диний маалымдуулугун жогорулатууда мамлекеттик органдардын маанилүүлүгү боюнча семинар-тренинг өттү.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, ага президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн борбордук аппаратынын кызматкерлери, акимдердин орун басарлары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, экстремисттик ишке каршы аракеттенүү боюнча аймактык ведомстволор аралык комиссиянын курамына кирген жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чара ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан демилгеленип, БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен өттү.

Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкери Самат Осмонов экстремисттик ишмердүүлүккө каршы аракеттенүү боюнча ИИМ тарабынан аткарылган иштер, Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик-террористтик уюмдардын коомго тийгизген таасири, экстремизмге байланыштуу учурдагы кырдаал жана коркунучтар, Чүй облусу боюнча экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жаатында көрүлүп жаткан чаралар тууралуу баяндама жасады.

Андан сырткары, тренерлер акыркы учурларда дүйнө жүзүндө болуп жаткан террористтик актыларды мисал катары келтиришип, экстремисттик ишке каршы аракеттенүү боюнча аймактык ведомстволор аралык комиссиянын аткарган иштери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жарандык коомдун өкүлдөрү менен биргеликте экстремисттик ишке каршы аракеттенүү багытындагы милдеттери, экстремизмге каршы аракеттенүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу, Чүй облусундагы укук коргоо органдарын бул багытта аткарган иштери жана мамлекеттик программалардын аткарылышы боюнча маалыматтары угулду.

Катышуучулар жергиликтүү тургундар арасында экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги, анын кесепеттери тууралуу түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын айтышып, милиция кызматкерлери менен тыгыз байланышта экендиктерин билдиришти.

Аягында экстремисттик ишке каршы аракеттенүүдө Чүй облустук милициясынын аткарган иштерине токтолушуп, жаралган көйгөйлөр боюнча айрым маселелер талкууланды.

Коомчулукта кызуу талкуу жараткан бул көйгөйлөр тууралуу катышуучулар тарабынан дагы суроолор узатылып, тиешелүү жооптор берилди.

Белгилей кетсек, бул иш-чара"Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамдын айрым талаптарын жана 2023-2027-жылдарга карата КР министрлер кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу максатында өттү.

Пикир

Оставить комментарий