• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте көрктөндүрүү эрежесин бузгандарга дээрлик 90 миң сом айып салынды

Коом 0

Бишкек, 10.08.22. /Кабар/. Бишкекте көрктөндүрүү эрежесин бузгандарга 90 миң сомго жакын айып салынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Бишкек мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясынын инспекторлору Октябрь жана Биринчи май райондорун текшеришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жалпысынан 18 мыйзам бузуу фактысы катталып, «Укук бузуулар жөнүндө» кодекстин 114-беренеси боюнча жалпы суммасы 88 миң 500 сомдук протоколдор түзүлдү.

Тартип бузгандардын тизмесине «Умай Групп» ЖЧКсы («Глобус» мамлекеттик ишканасы), «Тунгуч» жана «Көк-Жар» кичи райондорундагы филиалдары, ошондой эле «СМА Групп» курулуш компаниясы кирген. Калган 15 тартип бузгандар чарбалык субъектилер.

Мыйзам бузууларды таануудан баш тарткан жарандардын иштери административдик комиссия тарабынан каралат.

Муниципалдык инспекция борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, менчигинин түрүнө карабастан анын аймагынын айланасын күн сайын тазалыкты камсыз кылуу керектигин эскертет.

Белгилей кетсек, жарандар 10 метрге чейинки периметрдеги тегерек-четтин тазалыгын көзөмөлдөөсү керек.

Пикир

Оставить комментарий