• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

"Комфорт” базарынын жанында тротуарга салынган бастырма алынууда

Коом 0

Бишкек, 31.01.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ибраимов көчөсүндө жайгашкан “Комфорт” базарынын жанында тротуарга салынган бастырма алынууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бастырма ээси тарабынан өз ыктыяры менен буздурулууда.

Буга чейин мэриянын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан муниципалдык аймакты уруксатсыз салынган курулуштардан, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарды бузуу менен курулган же курулуп жаткан имараттардан тазалоо боюнча эскертүү берилген.

Пикир

Оставить комментарий