• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте дзюдо боюнча жаштар арасында өлкө чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Бишкекте дзюдо боюнча жаштар арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 10-11-февраль күндөрү Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин спорт комплексинде өтөт. Ага республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.

Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.

Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:

  • кыздар арасында — 48, 52, 57 63, 70, 78, +78 кг;
  • балдар арасында — 60, 66, 73, 81, 90, 100, +100 кг.

Пикир

Оставить комментарий