• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте аз көмүртектүү транспортту өнүктүрүү аракеттери талкууланды

Коом 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. "Кыргызстанда аз көмүртектүү экологиялык транспортту өнүктүрүү боюнча улуттук иш-аракеттер планы" деп аталган жогорку деңгээлдеги семинар өттү. Иш-чараны Транспорт жана коммуникациялар министрлиги БУУнун Европа экономикалык комиссиясы менен биргеликте уюштурду.

Ведомстводон билдиришкендей, ага транспорт министринин орун басары Ырысбек Бариев баштаган кызматкерлер, БУУ ЕЭКтин туруктуу транспорттук өнүгүү бөлүмүнүн транспорттук түйүндөр жана логистика секциясынын башчысы Франческо Дионори менен аталган секциянын өкүлү Мисо Ли жана министрликтердин, ведомстволордун, академиялык чөйрөнүн, Бишкек шаарынын мэриясынын жана жеке сектордун өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын ачылышында министрдин орун басары Ырысбек Бариев транспорт тармагын өркүндөтүүдө мамлекеттик саясаттын башкы максаты болуп транспорттук каражаттардын курамын жаңылоо, эскирген автомобилдерди этаптуу жаӊыртуу, экологиялык жактан таза альтернативдүү күйүүчү каражаттарды колдонууну колго алуу жана электр кыймылдаткычы бар транспорттук каражаттарын колдонууну өркүндөтүү болорун билдирди.

Ошондой эле ал министрлер кабинети тарабынан аз көмүртектүү транспортту өнүктүрүү боюнча чаралар көрүлүп жаткандыгын белгилеп, электромобилдерди алып келүү үчүн нөлдүк бажы жыйымдары орнотулгандыгын айтты.

Семинар кызуу талкуу менен коштолуп, ортого ташталган ойлор жана суроолорго жооптор берилди.

Пикир

Оставить комментарий