• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте эң мыкты мушкерлерди тандашат – качан жана кайда

Спорт 0

Бишкек, 05.11.18. Кабар/. Бишкек шаарында Кыргызстандын чоңдор арасында бокс боюнча чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, турнир Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында 15нен 18-ноябрга чейин болот.

Биринчиликке 19 жаштан 40 жашка чейинки спортчулар жана Бишкек, Ош шаарларынан ошондой эле жети облустан жеке чемпионатта жеңишке жеткендер катышса болот.

Катышуучулар төмөнкү салмактык категория боюнча беттешке чыгышат;

Эркектер арасында: 46-52 кг; 57 кг; 63 кг; 69 кг; 75 кг; 81 кг; 91 кг; 91 кг өйдө;

Кыз-келиндер арасында: 45-49 кг; 57 кг; 64 кг; 69 кг; 75.

Турнир үчүн спорттун олимпиада түрү боюнча Дирекциянын бюджетинен 50 миң сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий