Кыргызстандык эки мергенчи Казакстандагы эл аралык мелдеште эки медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 12.04.23. /Кабар/. Кыргызстандын ок атуу боюнча курама командасынын мүчөлөрү Казакстанда өткөн “Алтын Мерген” эл аралык мелдешинде эки медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 4-11-апрель күндөрү Шымкент шаарында өттү. Ага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Россия жана Белорустан келген спортчулар катышты.

Эркектер арасында Аскат Токмаков күмүш медаль тагынса, кыз-келиндер арсында Арууке Талантбекова үчүнчү орунду камсыз кылган.

Белгилей кетсек, мелдешке Кыргызстандын атынан жалпы 10 спортчу катышкан.

Пикир

Оставить комментарий