• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекке Сурдлимпиадалык оюндарга катышкан спортчулар кайтып келди — сүрөт

Спорт 0

Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. Бишкекке Бразилиядагы жайкы Сурдлимпиадалык оюндарга катышкан кыргызстандык спортчулар кайтып келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спортчулар “Манас” аэропортуна 18-майда келип конгон. Аларды Спорттун олимпиадалык эмес түрү боюнча дирекциясынын директорунун милдетин аткаруучу Аскараалы Мадаминов, Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Нурлан Токтоналиев, спортчулардын тууган-жакындары тосуп алышты.

Эскерте кетсек, 1-15-май күндөрү Бразилиянын Кашиас-ду-Сул шаарында ХХIV Сурдлимпиадалык оюндары өтүп, ага Кыргызстандын атынан спорттун беш түрү боюнча 24 спортчу аттанган. Мелдешке дүйнөнүн 78 өлкөсүнөн 2 миң 800дөн ашык спортчу катышты.

Кыргызстандын курамасы эки күмүш жана төрт коло медаль жеңди:

Күмүш медаль - Азамат Мавлонов таэквандо боюнча 80 кг чейинки салмакта, Алмазбек Исаков эркин күрөш боюнча 65 кг чейинки салмакта.

Коло медаль - Смадияр Жумакадыров (55 кг) жана Мильяс Марков (130 кг) грек-рим күрөшү боюнча, Илгиз Каналбек уулу (100 кг) дзюдо боюнча, Бермет Марсбекова (57 кг) таэквандо боюнча.

Сурдлимпиадалык оюндарда Кыргызстандын курамасы алгачкы жолу 6 медаль топтой алды.

Белгилей кетсек, сурдлимпиадалык оюндар — угуусу начар адамдардын спорттук мелдеши.

Пикир

Оставить комментарий