• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Жумгал районунда тоо эчки аткандарга 100 миң сом айып салынды

Коом 0

Бишкек, 11.04.23. /Кабар/. Жумгалда рейд учурунда тоо эчкини атып алган жарандарга 100 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрликтин кызматкерлери Жумгал райондук милиция кызматкерлери менен биргеликте рейд жүргүзүү учурунда Кабак айылынын Дүңгүрөмө участогунан “Тойота Ленд Крузер” үлгүсүндөгү авто унааны токтотулуп, кароо жүргүзгөн учурда мыйзамсыз олжолонгон 1 жапайы тоо эчки жана 2 даана сайлуу ок атуучу куралдар аныкталган. Жеринде акт түзүлүп, 100 миң сомдук айып салынган.

Бул факты боюнча чогултулган материалдар кошумча иликтөө үчүн райондук милицияга өткөрүлүп берилген.

Кийин мыйзам бузгандар Чуй облусунун тургундары К.И.Л жана М.И.В экени тастыкталды.

Пикир

Оставить комментарий