• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Кыргызстан - Азербайжан достук паркынын жанындагы көп кабаттуу үй түрттүрүлүүдө

Коом 0


Бишкек, 12.04.23. /Кабар/. Кыргызстан - Азербайжан достук паркынын жанындагы мыйзамсыз курулуп жаткан көп кабаттуу үй буздурулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулуш КР Жогорку сотунун токтомунун негизинде буздурулууда.

Белгилей кетсек, мыйзамсыз объект Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы тарабынан аныкталып, андан соң объект боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий