• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Коомдук ишмер: Өкмөт депутаттардын оюнчугуна айланды. Бизге күчтүү президенттик башкаруу керек

Коом 0

Бишкек, 30.12.20. /Кабар/. Акыркы жылдары мамлекеттик башкаруу системасында кемчиликтер болууда. Анткени жоопкерчиликтүү орган жок. Бул тууралуу Бишкектеги тегерек столдо коомдук ишмер Кемел Аширалиев билдирди.

Анын айтымында, жоопкерчиликсиз мамиленин айынан нааразычылыктар күчөп, ал төңкөрүштөргө алып келүүдө.

"Айыл өкмөтүнөн облус жетекчилерге чейин реформаны өнүктүрүүдө берилген жоопкерчиликтен качууда. Биз бардыгыбыз депутаттардын деңгээлин көрдүк. Өз учурунда өкмөт депутаттардын оюнчугуна айланды. Мындай кырдаалда өнүгүү тууралуу айтуу туура эмес. Бизге күчтүү президенттик башкаруу керек", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий