• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 07.09.19. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 9-10-сентябрь күндөрү күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөп, аталган күндөрү Чүй облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 6…11 градус, күндүз 12…17 градус, тоо этектеринде түнкүсүн 3…8 градус, күндүз 11…16 градус, Талас облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 3…8 градус, күндүз 11…16 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14 градус, күндүз 17…22 градус, тоо этектеринде түнкүсүн 6…11 градус, күндүз 15…20 градус, тоолуу райондордо түнкүсүн -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, күндүз 6…11° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз -2° суук…+3° жылуу болушу күтүлөт.

10-11-сентябрь күндөрү болсо Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 3…8°, күндүз 12…17° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, күндүз 6…11° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.

11-12-сентябрда түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде кээ бир райондордо 0…-2 градус үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий