• 87.86
  • 93.94
  • 1

Таластагы 3 адамдын өлүмү. ИИМ трагедияга алып келген жагдайды ачыктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.05.24. /Кабар/. Ички иштер министрлиги Таластагы үй-бүлө мүчөлөрүн мыкаачылык менен өлтүрүүгө алып келген жагдайды ачыктады.

Ведомствонун маалыматына караганда, кылмышка шектүү К.Н. менен өлтүрүлгөн аялдын күйөөсү К.М.нын ортосунда мүлк талаштан келип чыккан көп жылдык чыр болгон.

Ошентип, 2018-жылы шектүү К.Н. өз иниси К.М.ге бычак менен кол салып, өлтүрүүгө аракет жасаган. Бирок, көздөгөн аракети ишке ашпай калган.

Бул факты боюнча ошол эле жылдын март айында шектүү 1976-жылы туулган К.Н. Кара-Буура райондук сотунун чечими менен адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси боюнча 8 жылга эркинен ажыратылган.

2023-жылдын март айында 1976-жылы туулган К.Н. Бакай-Ата райондук сотунун чечими менен пробацияга чыгып, пробациялык көзөмөл, Юстиция министрилигинин пробация департаментинин Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактар аралык башкармалыгынын Кара-Буура жана Манас райондору боюнча пробация органдарына жүктөлгөн.

2024-жылдын 23-май күнү саат болжол менен 23:00 чамасында 1976-жылы туулган К.Н. эски таарынычын эстеп, өч алуу максатында инисинин үйүнө барган. Иниси К.М. талаа жумуштары менен алек болуп, үйүндө жок болуп калган.

Ошол учурдан пайдаланып жана өч алууну көздөп барган шектүү инисинин аялына жана балдарына кол салып, аларды зөөкүрлүк менен өлтүрүп, окуя болгон жерден тоо тарапка изин жашырып качып кеткен.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында зөөкүрлүк менен үч адамды өлтүргөн К.Н. кармоо учурунда жок кылынды.

Пикир

Оставить комментарий