• 87.86
  • 93.94
  • 1

Акылбек Жапаров Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 23.05.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту.

Жолугушуу бүгүн, 24-майда Ашхабад шаарында өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуусунун алкагында өттү.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Акылбек Жапаровду КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн убакыт таап Түркмөнстанга келгенине ыраазычылык билдирип, президент Садыр Жапаровго ысык саламын жолдоду.

Өз кезегинде Акылбек Жапаров Түркмөн адабиятынын чыгаан классиги Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгы менен куттуктап, Президент Садыр Жапаровдун атынан салам жолдоду. Ошондой эле МинКаб башчысы Махтумкули Фраги атындагы маданий-парк комплексине чыгаан кыргыз жазуучусу, бүтүндөй түрк элдеринин сыймыгы Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылганына ыраазычылык билдирди.

Андан ары Акылбек Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы соода экономикалык алаканы күчөтүү, транзиттик транспортту өркүндөтүү, электро энергияны импорттоо жана башка эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн аспектилерине токтолду.

"2023-жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 63 млн 546 миң долларды түздү. Ошол эле учурда кыргыз-түркмөн мамилелеринин пайдаланылбаган олуттуу соода-экономикалык жана инвестициялык потенциалы бар. Өз ара алакалардын көлөмүн мындан ары да көбөйтүү жана спектрин кеңейтүү, үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна биргелешип чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө зарыл деп эсептейм"-деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташууларды мындан ары өнүгүшүнө кызыктарлыгын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовду жана түркмөн элинин улуттук лидери, Элдик Маслахатиянын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедовдун Кыргызстанга визит менен келүүсүн, кыргыз тарап күтүп жатканын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий