• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Акылбек Жапаров Citi Group банкынын жана Лондон металл биржасынын жетекчилери менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 29.11.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Лондон шаарына (Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу) болгон жумуш сапарынын алкагында Citi Group эл аралык инвестициялык банкынын аткаруучу директору Грант Карсон менен жолукту.

Өз сөзүндө Акылбек Жапаров “Citi Group” банкы эң ири эл аралык финансылык конгломераттардын бири, финансылык кызмат көрсөтүүлөр жана таасирдүү активдерди башкаруу чөйрөсүндө дүйнөлүк лидерлердин тизмесине киргенин айтып, Кыргызстан бул багытта өз ара пайдалуу жана узак мөөнөттүү өнөктөштүктү түзүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде Citi Group эл аралык инвестициялык банкынын аткаруучу директору Грант Карсон, банк тармагында айтылган маселелер боюнча иштешүүгө даяр экенин жана банктын дүйнөнүн бардык аймактарында иш алып баруусу банк үчүн натыйжалуу экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында КР Финансы министрлиги менен Citi Group эл аралык инвестициялык банкынын ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду.

Андан соң МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Лондон металл биржасынын Рынокту өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Робин Мартин менен жолукту.

Анда МинКаб Төрагасы Кыргызстан Лондон металл биржасы менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин жана маанилүү өнөктөштүк потенциалын, атап айтканда, Кыргызстандын түстүү металлдарын дүйнөгө, анын ичинде Британиянын рыногуна Лондон металл биржасы аркылуу чыгуучу потенциалын көрүп жатканын белгиледи.

Ал эми Робин Мартин Лондон металл биржасы дүйнөнүн башка мамлекеттери менен кызматташкандай эле Кыргызстан менен рынокто сатуу жана соода-экономикалык жактан кызматташууга даяр экенин билдирди.

Эскерте кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Лондон, Кардифф шаарларына (Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу) болгон жумуш сапары жыйынтыкталды.

Жумуш сапардын алкагында эл аралык конференцияларга катышты, ошондой эле Улуу Британиянын расмий өкүлдөрү жана компаниялары менен жолугушуулар өткөрүлүп, жыйынтыгында маанилүү чечимдер кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий