• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мамкурулуш агенттигинде “Бирдиктүү терезе” түзүлдү. Курулуш үчүн экспертизаларды алуу жеңилдетилди

Коом 0

Бишкек, 23.04.19. /Кабар/. Архитектура, курулуш жана турак-жай мамлекеттик агенттигинде комплекстүү экспертиза жүргүзүү үчүн долбоордук-сметалык документтерди кабыл алуу боюнча “Бирдиктүү терезе” системасы ишке кирген. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Мамлекеттик курулуштун мамлекеттик экспертиза Департаментинин директору Сүйүнбай Арабеков кабарлады.

“Бирдиктүү терезе” системасы агенттиктин имаратынын биринчи кабатында ачылган.

Арабеков билдиргендей, буга чейин экспертизанын ар кыл түрлөрү ар башка маморгандар тарабынан жасалып келген.

“Атап айтканда, долбоордук-сметалык документтердин архитектуралык-курулуштук жана инженердик экспертизасын Курулуш агенттиги, өрт коопсуздугу боюнча экспертизаны ӨКМ, экологиялык экспертиза - Айлана чөйрөнү коргоо агенттиги, өндүрүштүк экспертиза – Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети тарабынан жасалып келген. Бул процесстерге 170ке жакын күн сарпталчу. Ал эми “Бирдиктүү терезе” системасы түзүлгөндөн кийин экспертизаларга 30 гана күн кетет”, - дейт ал.

Буйрутма бергендер баардык экспертизаларды бир эле жерден алуусу үчүн Курулуш агенттигине буга чейин аталган ар бир ведомстволордон бирден адис 3 айга чакырылган.

Сүйүнбай Арабековдун айтуусу боюнча, бүгүнкү күндө курулуш үчүн экспертизаны толугу менен Курулуш агенттигине өткөрүп берүү тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыккан.

“Коррупцияны жоюу үчүн биз адистердин жана буйрутма бергендердин ортосундагы байланышты алып салдык. Ал эми калган кемчиликтерди жоюу үчүн жыйын залы түзүлгөн”, - деп кошумчалады ал.

Ошондой эле борборду Ош шаарында ачуу пландалууда.

Департаменттин директору билдиргендей, жылдын аягында алардын ведомствосу экспертизанын документтерин электрондук форматта кабыл ала баштайт.

“Тактап айтканда, баардык документтер, кайра каттоо, келишимдер толугу менен электрондук форматта болот. Мамлекеттик экпертизанын тыянагы да ошондой эле электрондук түрдө берилет. Ошон үчүн баардык тараптардын санариптик кол коюусу болуусу керек”, - деди Арабеков.

Пикир

Оставить комментарий