• 88.68
  • 95
  • 0.95

Назарбаев президенттик кызматка Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлигин сунуштады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 23.04.19 /Кабар/. "Нур Отан" партиясынын жетекчиси Нурсултан Назарбаев президенттик кызматка Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлигин сунуштады. Мындай сунушун ал партиянын XIX съездинде билдирди, деп жазат Tengrinews.kz.

"Көп жылдан бери чогу иштеп, жакшы таанып, бүгүнкү күндө президенттик кызматка эң татыктуу талапкер деп эсептейм", - деди Назарбаев.

Эске салсак, 19-мартта Казакстандын тунгуч президенти 79 жаштагы Нурсултан Назарбаев өз эрки менен отставкага кетти.

Назарбаев "Нур Отан" партиясынын лидери жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы бойдон кала берерин билдирген.

Казакстанда президенттин ыйгарым укуктарын убактылуу аткаруу милдети Касым-Жомарт Токаевга жүктөлгөн.

Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо быйыл 9-июнга белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий