• 87.86
  • 93.94
  • 1

Бишкекте эки көчө оңдоо үчүн жабылат. Коомдук транспорттун кыймылы өзгөрөт

Коом 0

Бишкек, 24.05.24. /Кабар/. Бишкек шаарында ишемби, 26-майда эки көчө оңдоо үчүн жабылат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Тактап айтканда, Ахунбаев көчөсүнүн Чыңгыз Айтматов проспектисинен Токтоналиев көчөсүнө чейин, ошондой эле Байтик баатыр көчөсүнүн Токомбаев көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейинки тилкелерин капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Оңдоо иштеринин алкагында коомдук транспорттун каттамдары убактылуу өзгөртүлөт:

Троллейбустук каттамдар тууралуу айтсак:

№6 жана №10 троллейбустук каттамдар убактылуу жабылат.
Анын ордуна троллейбустар жаңы каттамдарда колдонулат:
«№3 каттам» Фрунзе атындагы заводдон Аламүдүн -1 кичи районуна чейин;
"№15 каттам" Асанбай кичи районунан Аламүдүн-1 кичи районуна чейин.

Мындан тышкары, №11 троллейбустук каттамдын кыймылы жарым-жартылай өзгөртүлөт. Ал төмөнкү көчөлөр менен жүрөт: Ахунбаев көчөсү, Тыналиев көчөсү, Масалиев көчөсү (Жогорку Жал).

Троллейбус кыймылынын схемасы

Ал эми автобустук каттамдар тууралуу айтсак:

№6 автобус Токтоналиев көчөсү жана Сухомлинов көчөсү;
№9 автобус Токтоналиев көчөсү жана Сухомлинов көчөсү;
№49 автобус Токтоналиев көчөсү, Масалиев көчөсүнө чейин; Жукеев-Пудовкин көчөсү, Сүйөркулов көчөсүнө;
№51 автобус Масалиев көчөсү жана Ч.Айтматов проспекти;
№52 автобус Чыңгыз Айтматов проспекти, Жаманбаев көчөсү, Токтоналиев көчөсү;
№55 автобус Масалиев көчөсү, Жукеев-Пудовкин көчөсү, Сүйөркулова көчөсү;
№56 автобус Ахунбаев көчөсү, Жукеев-Пудовкин көч., Масалиев көч.;
№100 автобус Чыңгыз Айтматов проспектиси, Жаманбаев көчөсү, Малдыбаев көчөсү;
№103 автобус Ахунбаев көчөсү, Жукеев-Пудовкин көчөсү, Масалиев көчөсү;
№146 автобус Масалиев көчөсү Жукеев-Пудовкин көчөсү;
№152 автобус Токтоналиев көчөсү, Медеров көчөсү.

Автобус кыймылынын схемасы

"ЭКО жүргүнчүлөр" ЖЧКсынын автобустук каттамдары:

№10 автобус Айни көчөсү, Токтоналиев көчөсү;
№11 автобус Токтоналиев көчөсү, Айни көчөсү;
№31 - Ч.Айтматов көчөсү, Айни көчөсү, Токтоналиев көчөсү;

Автобус кыймылынын схемасы

Кичи автобустук каттамдар:

№101 - Ч.Айтматов проспекти, Айни көчөсү, Токтоналиев көчөсү
№ 131 - Ахунбаев көчөсү, Малдыбаев көчөсү, 10-кичирайонго чейин жана кайра;
№150 - Жукеев-Пудовкин көчөсү, Ахунбаев көчөсү;
№ 199 -Сухе-Батор көчөсү, Юнусалиев көчөсү Карасаев көчөсү;
№200 - Токтоналиев көчөсү, Жаманбаев көчөсү;
№ 201 - Чыңгыз Айтматов проспектиси, Жаманбаев көчөсү, Токтоналиев көчөсү;
№252 - Жукеев-Пудовкин көчөсү, Ахунбаев көчөсү;
№ 295 -Масалиев көчөсү, Жукеев-Пудовкин көчөсү, Ахунбаев көчөсү;
№104 - Малдыбаев көчөсү, Жаманбаев көчөсү;
№106 - Токтоналиев көчөсү, Сухомлинов көчөсү;
№130 - Чыңгыз Айтматов проспектиси Айни көчөсү (Сухомлинов көч.), Токтоналиев көчөсү;
№132 - Токтоналиев көчөсү, Сухомлинов көчөсү (Айни көчөсү); Жукеев-Пудовкин көчөсү, Сүйөркулов көчөсү;
№ 136 - Токтоналиев көчөсү, Жаманбаев көчөсү;
№ 175 - Масалиев көчөсү, Жукеев-Пудовкин көчөсү;
№202 - Чыңгыз Айтматов проспектиси. Айни көчөсү, Токомбаев көчөсү;
№204 - Жаманбаев көчөсү, Токтоналиев көчөсү;
№215 - Токомбаев көчөсү, Жукеев-Пудовкин көчөсү, Ахунбаев көчөсү, Токтоналиев көчөсү, Жаманбаев көчөсү.

Кичи автобустардын кыймылынын схемасы

Бишкек шаарынын мэриясы жол тыгындарын болтурбоо үчүн каттамды алдын ала пландап, жеке транспорттун ордуна коомдук транспортту колдонууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий