• 87.86
  • 93.94
  • 1

Абсаттар Сыргабаев Кара-Дарыянын жээгин бекемдөө иштеринен кабар алды

Коом 0

Бишкек, 24.05.24. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айылына барды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, буга чейин Кара-Дарыя айыл аймагынан агып өткөн суунун деңгээли көтөрүлүп, айдоо жерлерге жана турак жайларга кооптуулук жараткан.

Аталган аймактагы кооптуулукту эске алуу менен дарыя нугун буруу максатында ӨКМдин инженердик оор техникаларын тартуу тапшырмасы коюлган. Бүгүн жеринде 20 техника иш алып барып, жээк бекемдөө жумуштарын аткарууда.

Ыйгарым укуктуу өкүл абалды көзөмөлгө алуу менен кооптуулукту жөнгө салуу, жумуштарды өз убагында аткаруу, сапатка көнүл буруу зарылдыгын эскертти.

Өзгөргөн аба-ырайына байланыштуу, Кара-Дарыя айыл аймагынын Арал айылындагы суунун нугун буруу үчүн убактылуу коюлган тосмолорду суу агызып, Бостон, Питомник, Аэропорт жана Кундузчу участкаларындагы 110 гектар эгин аянттарын суу алып, 200 жакын турак жайга кооптуулук жаралган.

Пикир

Оставить комментарий