• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте Эгемендүүлүк күнү коомдук транспорт түнкү саат 2ге чейин иштейт

Коом 0

Бишкек, 30.08.24. /Кабар/. Бишкек шаарында 31-августта Ала-Тоо аянтында Эгемендүүлүк күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлөт.

Мэриянын маалыматына ылайык, майрамдык иш-чаралар түнкү саат экиге чейин уланат, буга байланыштуу борбор калаанын тургундары жана конокторунун ыңгайлуулугу үчүн коомдук транспорт уюштурулат.

Ошентип, майрам күндөрү муниципалдык автобустар түнкү саат 02:00гө чейин каттайт.

Эскерте кетсек, Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, Эгемендүүлүк күнүнө карата төмөнкү көчөлөргө чектөөлөр киргизилет:

  • Чүй проспектиси, Ибраимов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
  • Фрунзе көчөсү, Эркиндик бульварынан Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
  • Орозбеков жана Раззаков көчөлөрү, Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;
  • Ибраимов көчөсү, Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин.

Мындан тышкары, Ч.Айтматов жана Манас проспектилери жана Байтик Баатыр, Абдрахманов көчөлөрүндө убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Пикир

Оставить комментарий