Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Бишкекте Кара-Жыгач конушунун Кожояр көчөсүндө жайгашкан короодо турган Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү эки унаа толугу менен күйүп кеткен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жалын жыгач устундуу темир менен жабылган турак үйдү каптап, от жагуучу бөлмөнүн 8 ччарчы метр чатыры өрттөнүп кеткен.
Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылган, тилсиз жоодон жабыркагандар жок.
Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.
Пикир
Оставить комментарий