• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кадамжайда "Ууру" рейдинин жүрүшүндө 2 кылмыштын бети ачылды

Аймак 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Кадамжайда "Ууру" рейдинин жүрүшүндө 2 кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "Ууру" ыкчам иш-чарасынын негизинде Кадамжай РИИБнин кызматкерлери 10 топко бөлүнүп, район аймагындагы жашаган тургундарга паспорттук режимдерди өткөрдү. Ошондой эле мал союп саткан жайлар, мал ташыган унаалар, темир жыйнаган жайлар, автоунаа оңдогон бекеттер кылдаттык менен текшерилип чыгып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан сырткары, милиция кызматкерлери ар бир кожолукка кирип, мал-жандыктарын, үй мүлктөрүн кароосуз калтырбоо жагы эскертилди. Мурда сот жообуна тартылган 30 атуул менен баарлашып, алдын алуу иштери өткөрүлдү.

Кадамжай районунда жүргүзүлгөн "Ууру" ыкчам иш-чарасынын алкагында 2 уурулук кылмышынын бети ачылды.

Пикир

Оставить комментарий