• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ат-Башыда жолчулардын айлыгы берилбей келет. Алар район акимине кайрылды

Аймак 0

Бишкек, 07.05.20. /Кабар/. Бүгүн Нарын облустук медиа борборунун түз эфиринде Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаровго Ат-Башыдагы жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери "Ат-Башы айылында жолчулардын айлык акысы эки айдан бери берилбей жатат. Бул маселени көзөмөлдөп бере аласызбы" деп кайрылды.

"Бул маселени билебиз, тиешелүү тараптарга кайрылганбыз. Бирок алардын эсептөө иштери да ушундай жүргүзүлөт экен. №20 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлеринин айлык акысы бүгүнкү күнү келбей жатат. Транспорт жана жолдор министрлигине чейин маселе коюлган. Аз күндө чечилет деген жооп келген", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий