• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте эки жеңил унаа толугу менен күйүп кетти, жабыркагандар жок

Кырсык 0

Бишкек, 01.03.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын Жукеев-Пудовкин жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде эки жеңил унаа күйүп кетти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, унаа токтотуучу жайда турган Mazda үлгүсүндөгү унаадан өрт чыгып, өрттүн жалыны жанында токтоп турган BMW X7 үлгүсүндөгү унаага өткөн.

Өрттү өчүрүүгө 1 күжүрмөн эсеп тартылды. Кырсыктан жабыркагандар жок.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий