• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте айдоочу унаанын багажынан колясканы алып жаткан адамды өлтүрө сүзүп кетти – видео

Кырсык 0


Бишкек, 24.09.20. /Кабар/. Бишкекте айдоочу унаанын багажынан колясканы алып жаткан адамды өлтүрө сүзүп кетти.

Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, кырсык 24-сентябрда түнкү саат 02:00дөр чамасында Фучик көчөсүндө катталган. Анда айдоочу KIA үлгүсүндөгү автоунаасын чыгыш багытта артты көздөй айдап жатып, башка унаанын багажынан колясканы алып жаткан адамды өлтүрө сүзүп кеткен.

Кырсыктан 40 жаштагы И.Р. аттуу жаран окуя болгон жерде көз жумган.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Тергөө иштери жүрүүдө.

Милициянын кайгуул кызматы жарандарды жана айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий