Бишкекте эл аралык баңги тобунун мүчөсү кармалды

Коом 0

Бишкек, 01.07.24. /Кабар/. Бишкекте эл аралык баңги тобунун өкүлү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Интерпол бюросутарабынан Монголия Интерполу менен биргеликте ыкчам издөө иштери жүргүзүлүп, анын натыйжасында 1983-жылы туулган Г.У. аттуу жаранды Бишкек шаарынан кармалды. Ал 2022-жылдан бери Интерпол линиясы боюнча баңги жана психотроптук заттарды мыйзамсыз сатуу жана даярдоо үчүн издөөдө жүргөн.

Шектүү 2022-2023-жылдары эл аралык экспресс-кызматтын кызматын колдонуп, Түркияда үй-бүлө мүчөлөрү менен биргеликте Стамбулдан Улан-Батор шаарына синтетикалык "кристалл метамфетамин" баңгизатын ташууну жөнгө салып алган. Монголиянын улуттук полиция агенттигинин Баңгизатка каршы күрөшүү департаменти тарабынан анын катышуусунда баңгизатты таратуу боюнча 100дөн ашык фактысы аныкталган.

Маалыматка ылайык, шектүү Кыргызстанга баңгизатын сатуу каналдарын жөнгө салуу максатында келген. Кармалган жаран Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Аталган факты боюнча учурда Кыргызстандын компетенттүү органдары тарабынан экстрадициялоо маселелери чечилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий