• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Кыргызстанга жер-жемиштерди ташып кирүүдө фитосанитардык талаптар бузулган

Коом 0

Бишкек, 22.01.24. /Кабар/. Кыргызстанга Россиядан жер-жемиштерди ташып кирүүдө фитосанитардык талаптар бузулганы аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-январында мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогундагы "Ак-Тилек автожолу" фитосанитардык контролдоо пунктунда карантиндик фитосанитардык текшерүү иш-чараларын жүргүзүүдө Россиядан 18 миң 500 кг цитрус жана-жер жемиштер (апельсин, баклажан, грейпфрут, курма, алмурут, анар, мандарин, болгар калемпири, бадыраң, лимон, киви) Кыргызстандын аймагына кирүүдө карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушу аныкталган.

Текшерүү учурунда бул жүккө тиешелүү фитосанитардык сертификатынын мөөнөтү 1 жылга өтүп кеткендиги жана QR коду менен текшергенде, башка фитосанитардык сертификатка жазылганы аныкталып, автоунаа Мамлекеттик салык кызматынын атайын айып пул төлөнүүчү автоунаа токтотулуучу жайына киргизилди. Ал эми мыйзам чегинде тиешелүү чара көрүү үчүн топтолгон материалдар укук коргоо органдарына берилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий