• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Милиция дайынсыз жоголгон 18 жаштагы Тахминага издөө салат

Коом 0

Бишкек, 13.12.22. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 18 жаштагы Айдарбай кызы Тахминага издөө салат.

Облустук милициядан билдиришкендей, Тахмина 9-декабрь күнү саат 11:00лер чамасында Сокулук районунун Ала-Тоо конушунда жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 160 см, орточо дене түзүлүштөгү, кой көз, кара тору.

Кийимдери: кара түстөгү куртка, ак түстөгү жоолук, кара түстөгү бут кийим.

"Айдарбай кызы Тахминанын кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор аркылуу 0312 60-75-67, 03134 5-33-80 (нөөмөт бөлүмү), 0558 86-14-86 (издөө тобу) кайрылып коюңуздар", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий