• 84.36
  • 92.94
  • 0.92

Бишкекте эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт

Коом 0

Бишкек, 23.08.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте PhD докторанттарынын илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын апробациялоого арналган Эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт.

Илимий иш-чара Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети тарабынан уюштурулуп, университеттин чоң жыйындар залында өтөт. Ага Кытай, Казакстан, Түркия, Россия, Португалия жана Иран сыяктуу өлкөлөрдөн алдыңкы илимпоздор, изилдөөчүлөр жана докторанттар чогулат.

Конференциянын максаты – КУУнун PhD докторанттары тарабынан жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөрдү талкуулоо жана баалоо үчүн уникалдуу аянтчасын түзүү. Иш-чаранын катышуучулары өздөрүнүн илимий иштери менен бөлүшүп, тажрыйба алмашууга жана ар кандай илимий тармактардагы алдыңкы адистерден баалуу кеңештерди алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Белгиленгендей, конференциянын программасы докторанттардын баяндамаларын, панелдик талкууларын жана заманбап тенденциялар менен көйгөйлөрдү тереңирээк түшүнүүгө жардам бере турган талкууларды камтыйт.

"Бул конференция эл аралык илимий байланыштарды бекемдөөгө жана Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү илимдин өнүгүшүнө түз таасирин тийгизет деп ишенебиз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий