• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Бишкекте Эмгек кодексинин жаңы редакциясы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 22.08.23./Кабар/. Бүгүн эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы Эмил Кызаев, КПФ төрагасынын орун басары Р. Бабаева, тоо-металлургия профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы Э. А. Тажибаев менен жолугушту.

Жолугушууда КР Эмгек кодексинин жаңы редакциясы талкууланды.

Талкуунун жүрүшүндө министр жаңы Эмгек кодекси эмгекчилердин укуктарын жана кызыкчылыктарын сактай турганын белгиледи.

Федерациянын төрагасы Э.Кызаев ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнүн профсоюздар кеңешинин эл аралык жыйынына чакырууну тапшырды. Анда эмгек миграциясын жөнгө салуу жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын, мамлекеттик органдардын, иш берүүчүлөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен эл аралык келишимдерди ишке ашырууну талкуулоо талкууланмакчы.

Пикир

Оставить комментарий