• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

“Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрүү пунктуна жардам чатырлары тигилди

Аймак 0

Бишкек, 22.08.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасына ылайык “Ак-Тилек-автодорожный” көзөмөл-өткөрүү пунктуна чогулган жүк ташуучу унаалар жайгашкан жерге жардам чатырлары тигилди.

Мында айдоочуларга медициналык, психологиялык жардамдарды жана ар кандай кеңештерди берүү үчүн бардык шарттар түзүлүп, ысык тамак уюштурулган.

Бул багытта МинКаб Төрагасынын тапшырмасына ылайык президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү иш алып барууда.

Бүгүн, 22-августта аталган жерде Чүй облусу боюнча жарандык коргонуу комиссиясынын облустук жыйыны дагы өттү.

Кошумчалай кетсек, учурда тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан жол кыймылынын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, тез бузулуучу жүктөрдү ташыган унаалардын өтүүсүнө шарттар түзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий