Бишкек, 26.05.21. /Кабар/. “Галерея М” көркөм сүрөт галереясында сүрөтчү Нарынкул Турпановдун жеке көргөзмөсү ачылды.
Экспозицияда 30дан ашуун эмгек коюлган. Негизги тема – бул тоолор. Автор Кыргызстандын тоо кыркаларын кайраттуулуктун, элдин рухунун күчү жана жашоонун туруктуулугунун символу катары көрсөтөт.
Көргөзмө 26-майдан 15-июнга чейин уланмакчы.
Пикир
Оставить комментарий